17.04.2018 09:27

Коммерциялык банк жетекчилери өрттөн зыян тарткан  соодагерлерге колдоо көрсөтүүгө макул болушту

Коммерциялык банк жетекчилери өрттөн зыян тарткан  соодагерлерге колдоо көрсөтүүгө  макул болушту

Сапар Исаков банк жетекчилери менен өрттөн зыян тарткан  соодагерлерге колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Премьер-министр коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы келип чыккан өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерге көмөк көрсөтүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.

Премьер-министр жарандарга көимөк көрсөтүүдө күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде, кредиттер боюнча үстөктөрдү төлөөнү кийинки мөөнөткө жылдыруу, пайыздарды эсептөө мөөнөтүн жылдыруу, ошондой эле жабыркаган ишкерлерге кредит берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Жолугушуунун катышуучулары жабыркагандарга көмөк көрсөтүүгө жана колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.